Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча топ-3кө кирди

Кыска кабар | 8 Ноя 2022 | 334 | 0

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу маалымат ТурСтатта жарыяланды .

Маалыматтык система КМШнын кышкы туризм жана эс алуу боюнча туристтер арасында эң популярдуу жана жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингин сунуштады.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн рейтинги туристтер арасында популярдуулугунун жана КМШ өлкөлөрүндөгү туризм жана эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизинде түзүлгөн.

ТурСтаттын маалыматы боюнча, туристтер арасында кышкы эс алуу боюнча КМШнын алдыңкы беш өлкөсүнө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, ошондой эле Өзбекстан жана Армения кирет.

Кыргызстанда кышында туристтерди борбор калаа Бишкек жана Каракол лыжа базасы, ошондой эле Ысык-Көл кызыктырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM