Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнө 95 жыл болду

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 381 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылда айыл чарба секторунда алгылыктуу жылыштар боло баштаганын айтты. Буга агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсе көп бөлүнгөнүн негиз кылды.

Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүү күтүлүүдө.

«Агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири — тамак-аш жана кайра иштетүү сектору. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду.

Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10 млрд сом каралып, бюджеттен 3,4 млрд сом бөлүндү. Жыйынтыгында социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады» , — деп айтылат куттуктоодо.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда 2022-жылдын январь-август айларында 32,7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, тармактын өсүү темпи 112,3 пайызды түздү.  Былтыркыга салыштырмалуу 7,8 млрд сомго көбөйгөн.

«Быйылкы жылга дыйкандар менен фермерлерге алты пайыздык үстөк менен үч жылга чейин кредиттерди беребиз деп республикалык бюджеттен 26 млрд сом бөлдүк эле. Кийинки жылга дагы бөлөбүз. Алдыдагы бир беш-алты жылга дыйкандар менен фермерлерди толук камсыз кылабыз деген планыбыз бар» , — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM