Биз менен байланышыңыз

Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 424 | 0

Түштүк чоң Чүй каналынын боюндагы суу коргоо зоналарынын жерлерин жеке жактарга жана курулуш уюмдарына мыйзамсыз берүү, шаар курулушун, уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүүнүн фактылары аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришип, суу фондусунун бул максаттарга каралбаган жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү жана башка курулуштарды курууга жол беришкен.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалды.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM