Беш мамлекет менен чектешкен Каспий деңизинин суусу азайып жатат. Бул тууралуу Азербайжан жана Казакстандын экологдору айтууда.
Суунун азаюусуна жаан-чачын аз болуп, мөңгүлөрдүн эрип баратканы негизги себеп болууда. Тагыраак айтканда, Каспийге куя турган дарыялардын суусу тартыла баштаган.
Көп жылдардан бери Каспий деңизин изилдеп жүргөн азербайжандык окумуштуу Амир Алиевдин айтымында, Каспийге 80% Волга дарыясынан, 5% Урал дарыясынан суу агат. Соңку жылдары Урал менен Волга дарыяларынын суусу 30%га азайган.
Мындан сырткары, Иран жана Түркмөнстанда болуп жаткан аномалдуу ысыктын айынан Каспийдин ушул өлкөлөр менен чектешкен аймагы булганып жатат. Натыйжада Каспий эки негизги себептин натыйжасында суусу тартылып барат.
«Каспий деңизинин жээктери айрым жерлерде 200-300 метр кирсе, айрым аймактарда километрге чейин жетет», — дейт Алиев.
8-октябрда NASAнын сайтында Каспий деңизинин 2006 жана 2022-жылдагы космостон тартылган сүрөттөрү жарыяланды. Анда 16 жыл ичинде Каспий деңизи кичирейип баратканы, айрыкча Казакстандын Маңгистау облусу тарабындагы суу азайып кеткенин көрүүгө болот.