Бишкекте 8-октябрда ири ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъектилерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.
17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган эле.