Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын «Центральный» көчөсүндө жайгашкан курулуш материалын саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 10:40та чектөөгө алынып, учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.