Биз менен байланышыңыз

Президент Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 410 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда финансы-экономика тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы тармактын адистерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалаган.

«Өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана чыңдоодо финансы жана экономика тармагындагы кызматкерлердин ролу жогору экени баарыбызга маалым.

Финансы-экономика чөйрөсүндөгү адистердин күч-аракетинин аркасы менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү, тең салмактуу бюджетти камсыздоо, ошондой эле экономиканын глобалдык чакырыктарга туруктуулугун бекемдөө маселелери чечилип келүүдө» — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле ал мамлекеттин бакубаттуулугу, экономиканын мындан аркы өнүгүшү финансы-экономика жаатындагы кесипкөйлөрдүн аракетине жана талбаган эмгегине байланыштуу экенин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM