Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Эркин Тентишев 2021-жылдын март айында ошол кездеги премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына бекитилген.
Ошондой эле ал 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер болгон.