Эртең, 5-апрелде Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт унаа жолу» жана «Эркечтам унаа жолу» өткөрүү пункттары бир күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Чек аранын убактылуу тосулушу Кытайдагы Цинмин фестивалын (Эскерүү күнү) майрамдоого байланыштуу.
Аталган көзөмөл-өткөрүү пункттары 6-апрелден тарта товарларды жана жүктөрдү өткөрүүнү гана караган мурда бекитилген алгоритм боюнча ишин жандантат.