3-апрелден тарта Бишкектин айрым көчөлөрү оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Бейшеналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө кайра асфальт басылат. Бул каттамдан жүргөн унаалар убактылуу Токтогул жана Киев көчөлөрү менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле Элебаев көчөсүнүн Лев Толстойдон Горькийге чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Жол оңдоо бүткөнчө унаалар Жукеев-Пудовкин жана Байтик Баатыр көчөлөрүнөн каттап турушат.
Шералиев көчөсүнүн түндүгүнөн 24-үйгө чейинки бөлүгү оңдолот. Андыктан унаалар Дооронбек Садырбаев көчөсү менен каттап турса болот.
Белгилей кетсек, жолдорду оңдоп-түзөө иштери «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында (II фаза) Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.