Connect with us

«Марал» радиосунун Орозо айына карата атайын уктуруулары (тизме)

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 370 | 0

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 2-апрелде башталат. «Марал» радиосунун жамааты да сиздин ибадаттарга жардамдаш болуу максатында күнүмдүк программасын учурга жараша өзгөрттү.

Ооз бекитүү убактысына чейин Куран окулат (40 мүнөт-1 саат) Кыргызстандын карылары «Ыйык Куран» китебинен күн сайын бир пара окуп турмакчы. 30 күндүк Орозо айында угармандарга «Куран» китебин толугу менен угуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз.

 «Куттуу Рамазан» программасы

Бул берүүдө дин аалымдары, коомчулукка белгилүү инсандар, илим изилдөөчүлөр менен маек болуп, көрөрман, угармандар үчүн керектүү кеңештер айтылат. 40 мүнөттүк берүүнү “Марал” радиосунан угуп, Фейсбуктагы баракчабыздан жана «Марал ТВ» каналынан көрө аласыздар. Программа күн сайын ооз ачарга 40 мүнөт калганда башталып, соңунда ооз ачар дубасы кылынат. Эфирдин убактысы ооз ачардын убактысына карап жылып турат.

Ооз бекитүү жана ачуу убактыларында эфирден азан айтылып турмакчы.

«Орозодо китеп ук» долбоору

Күн сайын саат 22:00дө угармандарга китеп окуп беребиз. Куттуу Орозо айынын урматына диний багыттагы китептерди сунуштайбыз. Алгач орозо тууралуу кеңири түшүнүк берилген «Ырайым жааган Орозо» китеби эфирге коюлат.

Ошондой эле маал-маалы менен хадистер жана диний ырлар, окуялар да коюлат.

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Эми күн сайын радиодон төмөнкү программаларды уга аласыз:

Убактысы  Программалар
Ооз бекитерге чейин  Ыйык Куран китебинен күн сайын бир пара окулат
Ооз бекитүү маалында  Азан
11:00  Турмуш Сабактары (Ой багыт)
13:00  Турмуш Сабактары (Ой багыт)
Ооз ачарга 40 мүнөт калганда  “Куттуу Рамазан” ТВ-радио программасы (ооз ачуу убактысына карап жылып турат)
Ооз ачуу маалында  Азан
22:05  “Укма китеп” долбоору (“Ырайым жааган Орозо” китеби)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM