Connect with us

Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болду

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 397 | 0

Бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында Эл аралык ТүркСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринен, Түрк кызматташтыгы жаатындагы башка уюмдардын жетекчилеринен турган туруктуу кеңештин жыйыны өттү. Анда күн тартибиндеги эки маселе: ТүркСОЙго жаңы башкы катчы шайлоо, 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамын ала турган шаарды тандоо каралды.

Жыйындын жүрүшүндө бардык өлкөнүн өкүлдөрүнүн бир добуштан колдоосу менен Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТүркСОЙ уюмунун башкы катчысы болуп шайланды.

Айта кетсек, ага чейин бул кызматты Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Дүйсен Касеинов аркалап келген.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Султан Раев 1958-жылы 13-июлда Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук байланыш факультетинен стажировкадан өтүп келген.

Өлкөдөгү «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» (эгемендик алгандан кийин, «Жаштык жарчысы», «Асаба» болуп өзгөргөн) гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, «Кыргыз Руху» гезитинде башкы редактор болуп эмгектенген.

2002-жылы Улуу Британияга чакырылып, ханыша Елизавета IIнин колунан атайын белек алган. Андан келгенден кийин Билим берүү жана маданият министринин орун басары кызматына дайындалган. Ошондой эле эки ирет маданият министри болгон. 2015-жылдан 2020-жылга чейин мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Булардан тышкары «Азаттык» радиосунда кабарчы, «Маданиятты жана искусствону колдоо» коомдук фондунда башкы директор, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү мамлекеттик комиссиясында төрага болуп да иштеген.

Султан Раев адабиятка 1987-жылы «Чаң жол» аңгемелер жыйнагы менен келген. 1990-жылы жарык көргөн «Күн кармаган бала» повесттер жана аңгемелер жыйнагы үчүн Бүткүлсоюздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Андан тышкары «Пусу», «Топон», «Антистандарт», «Жан жаза» сыяктуу китептердин автору. Анын «Кашар», «Оо, кыздар», «Ханышанын көз жашы», «Илегилек» сыяктуу бир катар драмалары чет өлкөнүн сахналарына да коюлган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM