Connect with us

Өзбек-түрк жылуулук электр станциясы ачылды, дагы бири салына баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 1254 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент облусунда заманбап жылуулук электр станциясы (ЖЭС) ишке берилди.

Мындан тышкары Сырдарыя облусунда ушундай эле станцияны куруу долбоорунун ачылыш аземи болду. Долбоорлорду түркиялык Cengiz Enerji компаниясы ишке ашырууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөп, бул комплекстер өзбек-түрк экономикалык кызматташтыгынын айкалышын көрсөтүп турганын белгиледи. Акыркы жылы эле түрк компаниялары менен биргеликте 5 ири энергетикалык долбоор ишке ашырылганын айтты.

Ал станциялардын жалпы кубаттуулугу акыркы эки долбоорлорду кошкондо 1,4 миң мегаваттка жетет.

Өзбекстандын энергетика тармагын 2026-жылга чейин модернизациялоонун эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 12 миллиард долларлык 20 долбоор ишке кирери айтылды. Бул долбоорлор кошумча 71 миллиард киловатт-саат электр энергиясын берет. Жылына 12 миллиард кубометр жаратылыш газы үнөмдөлөт.

Мирзиёев электр станциясын курууга катышкан инженерлерге жана куруучуларга ыраазычылык билдирди. Андан соң президенттер Шавкат Мирзиёев менен Режеп Тайып Эрдоган символикалык кнопканы басуу менен Кибрай аймагындагы ЖЭСти ишке киргизип, Хаваст аймагындагы станциянын курулушун баштап беришти.

Ташкент облусунун Кибрай районунда курулган ЖЭСтин кубаттуулугу 240 мегаватт. Электр станциясы жылына 2 миллиард киловатт-саат энергия иштеп чыгарат.

Сырдарыя облусунун Хаваст районундагы жаңы ЖЭСтин кубаттуулугу 220 мегаватт болуп, ал жылына 1,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын бөлүп чыгарат.

29-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстанга эки күндүк расмий сапар менен барды. Сапардын негизги максаты Өзбекстан-Түркия жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынына катышуу экени айтылган.

Президенттер соода, инвестиция, инновация, өнөр жай, логистика, туризм жана экономиканын башка тармактарында биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашат. Ошондой эле эл аралык жана аймактык саясат боюнча да пикир алмашуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM