Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 2255 | 0

Түркиянын Куралдуу күчтөрү менен Ички иштер министрлиги Кыргызстанга аскердик-техникалык каражат жөнөттү.

Аскердик-финансылык кызматташуу боюнча келишимдин алкагында түрк куралдуу күчтөрү кыргыз армиясына «Отокар» автобустарын жана тетиктерин, соккудан коргоочу RoboCop комплектилерин, курал-жарак, ок-дары, болот жилеттерди, байланыш жана электр-оптикалык материалдарды тапшырды.

Ал эми Түркиянын Ички иштер министрлиги Land Rover унааларын, анын ичинде кенеп капталган унааларды, запастык моторлорду, кышкы бут кийимдерди жана рюкзактарды берди.

Аскердик техникаларды тапшыруу аземи Улуттук гвардиянын командачылыгында Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган менен Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин катышуусунда өттү.

Усубалиев Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөнү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскерлерин даярдоого көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле кыргыз тарап мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM