Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Базарбеков менен Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 453 | 0

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутаттар Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын кызмат ордуна президент тарабынан сунушталган талапкерлерди колдоого алды.

Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаев, ал эми Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталган.

Буга чейин Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM