Биз менен байланышыңыз

Базарбеков: Соттордун көз карандысыз болушу үчүн бардык бийликтердин колдоосу керек

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 311 | 0

Парламенттин депутаттары 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин карап жатат.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда соттор жалтаң, коркок болуп калганын моюндады. Ал мындан ары соттор көз карандысыз болуусу үчүн президенттен тарта бардык мамлекеттик бийликтин колдоосу керектигин айтты.

«Прокурордун айтуусун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин далилсиз актыларын колдогонго жол бербейбиз. Биз жол бербеген учурларда парламент, президент жана башка бардык мамлекеттик бийликтер колдосо, анда соттордун көз карандылыгы жоюлат» , — деди Замирбек Базарбеков.

Замирбек Базарбеков Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал мурда Садыр Жапаровдун адвокаты болгон.

Жогорку соттун буга чейинки төрайымы Нургүл Бакирова өз арызы менен кызматынан алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM