Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 853 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 308 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 853 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 513 адам вакцинанын биринчи дозасын, 340 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 135 миң 636 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 915 миң 629 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM