Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун эртеси күнү аба ырайы кандай болот?

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 164 | 0
Сүрөт: Алишер Алиев

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 29-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…+5;

Бишкекте 29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +5…+7 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM