Биз менен байланышыңыз

БШК: Саат 10:00гө карата 100 миңден ашуун шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 429 | 0

Бүгүн, 28-ноябрь саат 10:00гө карата 108 миңге чукул шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлады.

Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 107 миң 852 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 2,91 пайызын түздү.

Катышуу аймактар боюнча алганда төмөнкүдөй: 

Бишкек шаарында — 2,81 пайыз,

Ош шаарында — 3,45 пайыз,

Жалал-Абад облусунда — 3,25 пайыз,

Ысык-Көл облусунда — 2, 30 пайыз,

Нарын облусунда — 2,73 пайыз,

Талас облусунда — 2,64 пайыз,

Чүй облусунда — 2,26 пайыз,

Баткен облусунда — 3,12 пайыз болду.

Чет өлкөлөрдө 24 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча саат 10:00гө карата добуш бергендердин саны 103 миң 332 жаран болду. Бул 2,86 пайыз катышуу дегенди билдирет.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2 миң 494 шайлоо участогу уюштурулду. Анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилке өлкө аймагында ачылган.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420ны, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түзөт.

Партияларды шайлоо үчүн жалпы 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүү үчүн 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды.

Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашып, жаңы Конституция кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM