Биз менен байланышыңыз

Улуттук филармонияда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 446 | 0

Эртең, 2-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Иш- чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүп, «Кыргыз маданиятынын залкарлары» даректүү тасмасы көрсөтүлөт.

Ошондой эле, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык  драма театры , К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б. Бейшаналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана  искусство университети, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталат.

Кыргызстанда 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү. 1926-жылдын дал ушул күнү учурдагы улуттук филармония, опера-балет театры, кыргыз драма театрынын түп башаты болгон Фрунзе музыкалык драма студиясы алгачкы студенттерин окутууну баштаган. Кыргыз профессионал маданият жана искусствосу дал ушинтип түптөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM