Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градус жылуу.