Биз менен байланышыңыз

Базарбаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен онлайн жолукту

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 181 | 0

28-октябрда Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Мануэль Салазар башында турган өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Базарбаев социалдык саясаттын негизги багыттарынын бири болуп жумуш менен камсыз болгон өлкөгө кетээр алдында бизнес жүргүзүүгө окутуу, мигранттарды окутуу сыяктуу экономикалык чараларды колдонуу менен калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларды күчөтүүнү билдирди.

Мындан тышкары, калкка, өзгөчө калктын аярлуу катмарына социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн даректүүлүгүн жана айкындуулугун күчөтүү пландаштырылууда. Буга социалдык кызматтардын санариптик экосистемасын түзүү аркылуу жетишүү пландаштырылууда.

Өз кезегинде Мануэль Салазар министр айткан багыттардын маанилүүлүгүн белгилеп, кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо жана табигый кырсыктардын эмгек рыногуна тийгизген таасири боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу кыскача маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар жарыяланган багыттар боюнча биргелешкен ишти мындан ары күчөтүүгө толук даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM