Өзбекстандын президенти жана Либерал-демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы №59 шайлоо участогунда добуш берди.
Ал добушканага үй-бүлөсү менен келди. Сүрөттөрдү Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары, юрист жана блогер Хушнудбек Худайбердиев өзүнүн Telegram-каналына жайгаштырган.
Бүгүн, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо башталды. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Өлкөдө расмий иш алып барган беш саясий партия тең талапкер көрсөткөн.
![](https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2021/10/1251465.ff68bfd8ff99588175e1fb245709b127.jpg)
![](https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2021/10/1251467.de61584959b38977b4d6c095e15921d1.jpg)