Бир мандаттуу округдар боюнча талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн 12 адам шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Алар:
№19 Токтогул округунан Нурлан Касымов
№ 11 Алай округунан Өскөнбай Жээнбаев
№ 4 Көк-Жар округунан Байжигит Мурзакматов
№ 30 Ысык-Ата округунан Ербол Токтогулов
№ 32 Кочкор округунан Болотбек Чокморов
№ 13 Сузак округунан Мунарбек Түрков
№ 34 Жети-Өгүз округунан Баатырбек Олжобаев
№ 13 Сузак округунан Кумарбек Самидинов
№ 20 Манас округунан Бактыгул Ажыбеков
№ 5 Ноокат округунан Беки Жолдошов
№ 27 Биринчи май округунан Елена Клипачева
№ 29 Свердлов округунан Улукбек Тургунбаев
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.