Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги Купешевге кылмыш иши козголгонун төгүндөдү

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 416 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматты төгүндөйт.

Министрликтин басма сөз кызматы министр Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Министрлик «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесине ылайык, министрге кылмыш иши козголгону тууралуу кабар жазган маалымат агенттигин билдирүүнү төгүндөөнү талап кылат.

20-сентбярда Reporter.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянып, Билим берүү жана илим министрине кылмыш иши козголгонун жазган.

Copyright © 2017 Maral FM