Биз менен байланышыңыз

COVID-19 жүзүн өзгөрттүбү? Инфекционист түшүндүрөт

Орусиядагы коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн тез жардам ооруканасынын медициналык кызматкери Евгений Тимаков коронавирус илдети мутацияланганын жана ал  мезгилдүү сасык тумоого окшош  экенин белгиледи.

«Мутациянын кесепетинен, коронавирус сезондук вирустук инфекция катары көрүнүп, жашына баштады. Учурда анын негизги белгилери — мурундун бүтүшү, тамак оору, ангина, ичеги-карын оорулары болууда.  Ал эми, жыт билүү сезиминин жоголушу экинчи планга өтүп кетти», — деп билдирген инфекциялык оорулар боюнча дарыгер Евгений Тимаков «РИА Новостиге» берген маегинде.

«Вирус мутацияга учурап, сезондук вирустук инфекция катары жүзүн өзгөрттү», — деди Тимаков.

Тимаковдун айтымында, коронавирусту кадимки сезондук сууктан өз алдынча ажырата билүү өтө кыйын. Мындан улам, адамдар көпчүлүк учурда ал COVID-19 деп ойлоп, өз ден соолугуна кайдыгер карашат жана өз убагында дарыгерге кайрылышпайт.

Copyright © 2017 Maral FM