Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары ок чыгарып, Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан өткөн автоунааларга таш атып башташкан.
Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.
Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнөн жараат алып, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн.
Бул жагдай Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39/130-беренеси («киши өлтүрүүгө аракет кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.
Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.