Connect with us

Чечилбей келген Ноокаттын жол көйгөйү кайрадан көтөрүлдү

Коом | 20 Апр 2021 | 2456 | 0

Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн оңдоп берүүнү талап кылган жергиликтүү эл бүгүн кайрадан нааразычылык акциясына чыкты. Жолду куруу боюнча акча каражаты чечилип, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөрүлгөн. Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен. Бирок 2019-жылы баштала турган иштин 2021-жылга жылып кеткенин Транспорт жана жол министрлиги пандемияга шылтап келүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн 20-апрелде Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда жүзгө чукул жергиликтүү тургун митингге чыгышты. Алар Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн оңдоо жана үй курууга жер тилкесин берүү маселесин көтөрүштү. Митингди уюштуруучулардын бири Мирлан Орозбаев жалпы эл премьер-министр Улукбек Мариповдун үч күндүн ичинде келишин талап кылып жатышканын айтат.

«Чогулган элге акимдин орун басары, айыл өкмөттүн өкүлү, милиция кызматкерлери келишти. Митингге чыккан эл үч күндүн ичинде премьер-министр Улукбек Мариповдун келишин талап кылышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү: «Биздин колубуздан келбейт, бул мамлекеттик деңгээлде чечилет. Жогору жакка каттай берип, биз да чарчадык, биз эл мененбиз», — дешти. Чогулуп бата кылып, саат 13:00дөрдө таркап кетишти. Анан уюштуруучулардын бир болгон Жоробаев Жолдошту элдик көзөмөл боюнча төрага кылып дайындашты». 

Ноокат районундагы жолду оңдоо талабы менен өткөн жумада да акция уюштурулган болчу. Жолдун кейиштүү абалы ноокаттыктарды эле эмес, Баткен облусунун тургундарын да бир топ жылдан бери нааразы кылып келет. Баткен шаарынын тургуну Кайрат Жапаров Ош-Баткен жолунун Ноокат районундагы бөлүгү начар болгондуктан убакытты аларын, айрыкча, бейтаптарды Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирүүдө бир топ кыйынчылык жарала турганын белгиледи.

«Жалпы Баткен облусунун эли Ош шаарына, андан ары Бишкек шаарына Ноокат жолу аркылуу каттайт. Баткен эли Ош шаарына көбүрөөк муктаж. Абалы оор бейтаптарды Ошко алып барганга тура келет. Бирок жолдун абалы өтө начар. Жолдун начарлыгынан 2 сааттык жолду 6 саатта басып өтөсүң. Жол биринчиден, убактыңды жейт, экинчиден, унааңдын дөңгөлөгүн жейт. Машина Ошко бир барып келгенде эле жараксыз абалга келип калат. Өзү элдин экономикасын жакшырта турган негизги рычагдардын бири — жол да. Жол жакшы болсо, анан элдин жашоосу жакшы болот. Азыр Ошко барганга такыр мүмкүн болбой калды. Жолдун абалы таптакыр болбой калды. 10-15 күн сайын Ошко барып турам, жолду жамап, чуңкурларын толтурганын эч көргөн жокмун. Жамгыр жааган күндөрү чуңкурларга суу толуп, билинбей калат да, түшүп-чыгып отуруп, машинанын көп жери үзүлүп кетет». 

Бул жол 1967-жылы капиталдык оңдоодон өтүп, асфальт төшөлгөн. Андан бери жыл сайын жолдорду кармоого гана бюджеттен акча бөлүнүп келет. Ошонун эсебинен гана жол кармалып турат. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетовдун айтымында, пандемияга байланыштуу былтыр жолду оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акча да кыскартылган. Быйыл бюджеттен акча бөлүнүп, учурда оңдоо иштери башталган.

Мындан сырткары Досумбетов Ош-Баткен-Исфана жолун кайра калыбына келтирүү атайын долбоордун алкагында сентябрь-октябрь айларында баштала турганын кошумчалады. Долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат.

«Ош-Баткен-Исфана жолунун 30-75-километриндеги тилкеси Жол чарба мекемесинин жергиликтүү бөлүмү тарабынан каралып, жыл сайын акча бөлүнүп, чуңкурларды бүтөө жумуштары жасалып турат. Жол чарба департаменти тарабынан акча бөлүнүп турат. Былтыр пандемияга байланыштуу жолду оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акчалар да кыскарып калды. Быйыл акча бөлүндү, азыр жумуштар башталып жатат. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоого атайын долбоор бар. Аны эл аралык JICA уюму аткарып жатат. Ал боюнча тендер өткөрүлүп, сентябрь-октябрь айларында жумуштар башталат». 

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымын) оңдоо үчүн каражат жагы чечилип, 2016-жылы Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөргөн. Унаа жолдун курулушу кечеңдеп жаткандыктан Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров эскерткен болчу.

 «Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымын) куруу боюнча акча каражаты чечилип, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөрүлгөн. Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен. Ноокат жолун салуу бир консультанттын Япониядан келе албай калганы үчүн кечигип отурат. Эртең насыяны төлөп баштайбыз, тездеткиле».

Транспорт жана жол министрлиги билдиргендей, 2020-жылдын март айында консультант болгон «CENTRAL CONSULTANT INC» компаниясы тарабынан долбоор даярдалып бүткөн. Бирок пандемияга байланыштуу долбоордун сметалык документтери узарып кеткен. Ишти аткаруучу компанияны тандоо үчүн 2020-жылдын октябрында гана тендердик документтер аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM