Бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталат.
Эркектер жана кыз-келиндер эркин күрөшү, грек-рим күрөшү боюнча Токио оюндарына жалпы 36 жолдомо ойнотулат.
Турнирдин биринчи атаандашуу күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 12 лицензия ойнотулуп, ал үчүн Кыргызстандан 5 спортчу күч сынашат. Лицензияга ээ болуу үчүн турнирдин финалына өтүү керек.
Алдын ала айлампанын беттештери 11:00дө, жарым финалдык беттештер 13:00дө башталат.
Учурда Кыргызстандын күрөш боюнча эки лицензиясы бар: анын бирин 2019-жылы Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков 87 кг салмакта, дагы бирин ушул эле чемпиондукта кыз-келиндер эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта жеңип алган.