Connect with us

УКМК: Мүлк фонду бюджетке 100 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 923 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жогорку кызмат адамдары, балансында турган мүлктү ижарага алуу боюнча мамлекетке зыян келтире турган узак мөөнөттүү келишимдерди атайылап түзүп, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Айрым мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызмат адамдары мамлекетке тийиштүү мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча келишимди туура эмес түзгөндүктөн бюджетке 100 миллион сом өлчөмүндө киреше түшпөй калган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) жана 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча катталып тергөө жүрүп жатат.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM