Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерин каттаткан партиялардын ортосунда меморандумга кол коюлат.
Андан кийин бюллетендеги катар номурун аныктоо үчүн чүчүкулак тартылат.
11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган. Ал 10-апрелге чейин созулат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн 179 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. Маалым болгондой, алардын 115и — телерадио компания жана гезит. Калган 64ү — интернет портал.