Эгерде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, анда сотко чейинки тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
11-февралда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды. Судья Гүлзат Дыйканбаева Жазык кодексинин 319-беренесиндеги 1-бөлүмү боюнча чыгарылган өкүмдү окуду. Ага ылайык, Матраимов жогоруда белгиленген сумманы төлөп бүткөн соң, буга чейин камакка алынган өзүнүн жана жакын туугандарынын мал-мүлкү ээлерине кайтарылат. Аны менен бирге чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготот.
Маалыматка ылайык, УКМК Матраимовдун көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары, Айэркен Саймаитинин айткандарынын негизинде ар кандай банктар аркылуу Кыргызстандан чыгып кеткен 700 миллион доллар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.
Матраимовго таандык чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн бар экендиги жана анын аталган каражаттарды чыгарып кетүүгө Саймаитинин катышканы такталып, тергөө бул мүлктү аныктоону улантууда.
Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркияга, Дубайга, Украинага жана Орусияга юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү.
Белгилей кетүүчү нерсе, анын мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет.