15-февралдан баштап Бишкектеги мектептерде баланы биринчи класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Каттоо бир этап менен өткөрүлөт. Онлайн каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
-ата-эненин биринин паспорту же арыз тапшырган адамдын паспорту;
-жашаган жеринен билдирме (справка);
-баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат.
2021-2022-окуу жылында 1-класска киргизүү үчүн онлайн-арызды https://mektep.edu.gov.kg/ дарегине калтыруу керек.
Суроолор боюнча төмөнкү телефондорго чалса болот:
- Бишкек — 61-39-72, 61-23-40;
- Биринчи май району — 66-06-89;
- Ленин району — 65-68-93;
- Свердлов району — 53-63-38;
- Октябрь району — 51-18-20.
Техникалык колдоо үчүн: (0706) 12-22-11, (0776) 12-22-11, (0556) 12-22-11.