Бүгүн, 3-декабрда Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясына 41 миң кол тамга тапшырды. Бул тууралуу талапкердин штабы маалымдады.
Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш.
БШКнын жумушчу тобу каттоо кызматынын адистери жана сот-экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери менен биргеликте берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календардык күндө текшерет.
Президентти шайлоону өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу бүгүн саат 23:59да аяктайт.
8 пикир