Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков 5-октябрда болгон нааразылык акцияларында өзүнүн саясий позициясын билдирип чыккан.
Ал буга парламенттик шайлоо адилетсиз өткөнүн, добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгону баарына көрүнүп турганын жүйө келтирген.
Ырчы Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында өткөн митингде сөз сүйлөп, эски саясатчылардын заманы бүткөнүн, бийликке жаштар келсин деген ойлорун билдирген. Ошол эле учурда ага эч кандай мансап, же кызмат орду кереги жок экенин айткан.
Бирок андан кийин Мирбек Атабековго карата каралоо болуп, сындагандар көбөйгөн.
Атабеков бул окуялардан кийин «Кеткин алыска» аталашындагы ырын чыгарды. 5-ноябрда жарыяланган чыгармада жакшылыкты көзгө илбеген, жалганды чындык деп айткан, жөнү жок сындаган, көлөкөсүнө жашынгандар айыпталат.
Ошондой эле чындыкты билип турса да, унчуга албаганы тууралуу айтылат.
Мирбек Атабеков 4-октябрда, тагыраагы парламенттик шайлоо күнү Нурак Абдрахмановдун «Бул дүйнө» деген чыгармасын аткарды. Анын мааниси да Кыргызстанда болгон акыркы окуяларды чагылдырганы айтылат.