Коронавирустан улам Транспорт жана жол министрилигинин Жол чарба департаментинин 2020-жылга алынган бюджети 63%га, тагыраагы, 1 млрд 301 млн сомго кыскартылды. Мындан улам, быйыл 150 чакырым жолго асфальт төшөлбөйт. Бул тууралуу аталган департаменттин башкы адиси Айтбек Үсөнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бюджетке өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу быйылкы жылга пландалган орто оңдоо, бодурлоо, көпүрө салуу иштери да кыскартылды. Бирок ар бир райондо 3 чакырымдан, 29 шаарда 1-2 км жол салуу иштери жүрүп жатат.
Ал эми эл аралык донорлор тарабынан каржылануучу долбоорлорду каржылоодо маселе жок.
Белгилей кетсек, Жол чарба департаментине жыл сайын 1 млрд 971 млн сом каралып келген.