Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 3444 | 0

Бүгүн, 16-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Буга тажик жараны такталбаган чек ара участкасына тосмо тосуп алганы себеп болду. Бул тууралуу  жергиликтүү тургундар «Маралга» билдирип, жеринен фото, видео жиберишти.

Жогорудагы маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, аталган көрүнүшкө нараазычылыктарын билдиришкен.

Конфликт болгон жерге Кыргызстандын чек ара кызматынын кызматкерлери барып, Тажикстандын жарандарынан такталбаган аймакта ишти токтотууну талап кылган. Бирок, тажик жарандары чек ара кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартышкан.

Учурда кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргыз тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймактарында ар түрдүү иштерди токтотууну талап кылышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM