Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 973 | 0

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын элине ант берип, өлкө президенти кызматына киришти. Казакстандын кош парламентинде өткөн Ант берүү аземин Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин алып барды.

«Казакстандын элине ак кызмат кылууга, Казакстандын Конституциясын жана мыйзамдарын бекем сактоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерине кепил болууга, Казакстан Республикасынын Президенти эң жогорку милдетти ак ниеттүүлүк менен аткарууга Ант беремин!”, — деп айтты Токаев.

Касым-Жомарт Токаев ант берген соң ага өлкөнүн Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттин эн белгилерин тапшырып, президент катары жарыялады.

Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

Эске сала кетсек, кечээ 19-мартта Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялады. Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM