Биз менен байланышыңыз

Ложников 30-январга сотко суракка чакырылды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 655 | 0

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников 30-январга суракка чакырылды. Аны жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди саясатчылар Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер сотко беришкен. Телеканалдын жетекчиси сурак берүүгө чакыруу келгенин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Доогерлер Атамбаевдин аталган телеканал аркылуу айткан билдирүүлөрүнө нааразы болуп, 18 миллион сом өндүрүүнү талап кылышууда.

Саясатчылардын арызы Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM