Биз менен байланышыңыз

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 690 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге педагогикалык, илимий же башка чыгармачылык ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү айрым ченемдерди тактоо максатында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык амлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктарын ыктыярдуу патенттин негизинде иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM