Марал Радиосу

ТИМ Сириядан кыргызстандыктарды чыгып кетүүнү сунуштады

People gather to celebrate the fall of the Syrian government, in Manbij, Syria, Sunday, Dec. 8, 2024. (Ugur Yildirim/Dia Photo via AP)

Тышкы иштер министрлиги Сириядагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантып жаткандыгын, кырдаал турукташканга чейин кыргызстандык жарандарды Сириядан чыгып кетүүнү сунуштайт.

Сирияда ноябрь айынын аягында бийликтеги Башар Асадга каршы бириккен күчтөр алгач Алеппо шаарын ээледи. Андан ары жүрүп отуруп, 8-декабрга караган түнү борбор калаа Дамаск шаарына кирип келди.

Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан.

Сириянын президенти Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Москва саяий башпанек бергени маалым болгон.

Борбор калаага бастырып кирген козголоңчулар таңкы саат алтыда шаардын четиндеги Сайеднаи абагын ээлеп, камактагы бардык жарандарды эркиндикке чыгарды. Эмне үчүн бул түрмө? — дегенде, себеби Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери ал жерге Башар Асаддын бийлиги оппозициячыл күчтөрдүн лидерлерин, мүчөлөрүн камап келген. Укук коргоочулардын маалыматында жарандык согуш башталгандан берки алгачкы беш жылда аталган абакта 5 миңден 13 миңге чейин жаран өлүм жазасына тартылган.

Түрмөдөгүлөр азаттыкка чыгарылгандан кийин шаардын калкы да борбордук аянтка чогулуп, «Эркин Сирия» деген чакырыктарды таштай баштаган.

Ал эми козголоңчулар алгач Сириянын мамлекеттик телеканалына барып, анда «Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу жокко чыкты», — деп жарыялаган.

Алар калкка кайрылуу жасап, «Салам! Эркин жана намыстуу Сирия! Бул кайрылуу диний ишеними кандай болгонуна карабай, бардык сириялыктарга!», — деп баштаган.

Асад режими дээрлик эки жумага жетпеген убакыт аралыгында кулады.

27-ноябрь күнү «Хаят Тахрир аш-Шам» тобунун башчылыгындагы коалициялык күчтөр өз жүрүшүн баштап, эки күндө Алеппо шаарына кирди.

Андан бир нече күндөн кийин дагы бир ири шаар Хама колго алынды.

Кийинки шаар — Хомс болду. Бул шаар Жер Ортолук деңизинин жээгинде, борбор калаа Дамаскты негизинен алевиддер жашаган аймактар менен байланыштырган негизги стратегиялык шаар болчу. Алевиддер — диний азчылык болгону менен Башар Асаддын негизги таянычы болуп келген.


Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары консультация же жардам алуу үчүн төмөнкү ыкчам телефондору аркылуу кайрыла алышат:

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +965 517 021 80;

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +90 545 689 68 00.

Exit mobile version