Сирияда ноябрь айынын аягында бийликтеги Башар Асадга каршы бириккен күчтөр алгач Алеппо шаарын ээледи. Андан ары жүрүп отуруп, 8-декабрга караган түнү борбор калаа Дамаск шаарына кирип келди.
Борбор калаага бастырып кирген козголоңчулар таңкы саат алтыда шаардын четиндеги Сайеднаи абагын ээлеп, камактагы бардык жарандарды эркиндикке чыгарды. Эмне үчүн бул түрмө? — дегенде, себеби Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери ал жерге Башар Асаддын бийлиги оппозициячыл күчтөрдүн лидерлерин, мүчөлөрүн камап келген. Укук коргоочулардын маалыматында жарандык согуш башталгандан берки алгачкы беш жылда аталган абакта 5 миңден 13 миңге чейин жаран өлүм жазасына тартылган.
Түрмөдөгүлөр азаттыкка чыгарылгандан кийин шаардын калкы да борбордук аянтка чогулуп, «Эркин Сирия» деген чакырыктарды таштай баштаган.
Ал эми козголоңчулар алгач Сириянын мамлекеттик телеканалына барып, анда «Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу жокко чыкты», — деп жарыялаган.
Алар калкка кайрылуу жасап, «Салам! Эркин жана намыстуу Сирия! Бул кайрылуу диний ишеними кандай болгонуна карабай, бардык сириялыктарга!», — деп баштаган.
Козголоңчулардын жүрүшү кандай болду?
Асад режими дээрлик эки жумага жетпеген убакыт аралыгында кулады.
27-ноябрь күнү «Хаят Тахрир аш-Шам» тобунун башчылыгындагы коалициялык күчтөр өз жүрүшүн баштап, эки күндө Алеппо шаарына кирди.
Андан бир нече күндөн кийин дагы бир ири шаар Хама колго алынды.
Кийинки шаар — Хомс болду. Бул шаар Жер Ортолук деңизинин жээгинде, борбор калаа Дамаскты негизинен алевиддер жашаган аймактар менен байланыштырган негизги стратегиялык шаар болчу. Алевиддер — диний азчылык болгону менен Башар Асаддын негизги таянычы болуп келген.
Бийлик тынчтык жолу менен алмашат
Учурда Сирияда расмий бийлик катары өлкөнүн өкмөт башчысы Мухаммед Гази ал-Жалали турат. Ал президент Башар Асад үй-бүлөсү менен Сириядан качып кеткени айтылгандан кийин, расмий билдирүү жасап, өлкөдөгү саясий кырдаал жөнгө салынганга чейин ал кызматта болорун жана анын ордуна келе турган кандай өкмөт болсо да кызматташууга даяр экенин билдирген. Кийинчерээк ал козголоңчулар менен байланышканын жана мамлекетте кыска аралыкта мөөнөтүнөн мурда шайлоо болушу керектигин да айткан.
Ал эми Асадды кетирүүгө бириккен күчтөрдүн башында турга Абу Мухаммед ал-Жалони өлкөдөгү бардык өкмөттүк мекемелер жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн коопсуздугуна убада берип, бийликти өткөрүү орун алганга чейин Сириянын учурдагы өкмөт башчысын тааный турганын айткан.
Асаддын резиденциясындагы талап-тоноочулук
Көтөрүлгөн эл Башар Асаддын Дамасктагы президенттик резиденциясына бастырып кирип, талап-тоноо да орун алды. Видеолордо жарыялангандай, резиденциядагы баалуу буюмдарды жарандар алып кеткенин көрүүгө болот.
Ал эми козголоңчулар калкты талап-тоноочулуктан алыс болууга чакырып, айрыкча мамлекеттин имараттарын коруу зарылдыгын айтты.
Сирия армиясынын абалы
Сириянын бардык жогорку даражадагы аскердик жетекчилери Асаддын режими кулагандан кийин кызматтарын таштап, аскер кийимдерин чечкен. Ал эми катардагы аскерлердин көпчүлүгү козголоңчуларга каршылык көрсөтпөстөн, калктын тарабына өткөнүн жарыялашканы да айтылууда.
Асад азыр кайда?
Башар Асад учурда үй-бүлөсү менен Орусияда экенин бир катар маалымат булактары жазууда. ТАСС агенттиги жеке булактарына таянып, Асад Москвага келгенин, Орусиядан башпаанек алганын жазды.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги Башар Асад өлкөдөн чыгып кеткенин айтканы менен, алардын Москвада экенин ырастаган эмес.
Иран менен Орусия бул ирет жардам колун сунган жок
2011-жылы «Араб жазы» деп аталган көтөрүлүштөрдүн артынан Сирияда жарандык согуш күч алып, дээрлик он жылга созулду. Анда 1,5 млн адам каза таап, 10 миллиондогон жарандар качкынга айланды.
Асад режими согуштун башталышында Сириянын көпчүлүк аймагында өзүнүн көзөмөлүн жоготкон, кийин Иран жана Орусиянын жардамы менен оппозициялык күчтөр ээлеген аймактарды бомбалап, бир катар шаарларды кайтарып алган. 2020-жылы өлкөдөгү ички согуш белгисиз мөөнөткө токтоп, 2021-жылы президенттик шайлоо өткөн. Анда Асад калктын 95% добушун алган.
2024-жылы Башар Асадга Иран да, Орусия да жардамга келген жок. Ирандын таасири астындагы ливандык «Хезболлах» өз аскерий күчтөрүн Сирияга жибергенин айтканы менен, козголоңчуларга таасир эте алган жок. Себеби алар өздөрү да Израил менен болуп жаткан тирешүүлөрдөн улам бир топ алсырап турат.
Орусия да Украинадагы согуштук абалдан улам, Сирияга кошумча күчтөрдү жиберүүгө чама-чаркы жеткен жок.
Асад үй-бүлөсү жана сунниттер
Асаддардын үй-бүлөсү Сирияны 1971-жылдан бери башкарып келген. Башар Асаддын атасы Хафез Асад 1960-жылдардан тарта бир катар аскерий төңкөрүштөрдүн активдүү катышуучусу болгон. Ал СССР менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын Кант шаарындагы авиа окуу жайында да билим алган. Ал араб социалисттик ойгонуу партиясы «БААС» менен иш алып барып, кезинде СССРдин көп колдоосуна ээ болгон. Хафез Асад 2000-жылы кайтыш болгондо, анын 34 жаштагы уулу Башар Асад бийликке келген.
Асад үй-бүлөсү Сириядагы алевиддер тобуна таандык. Алевиддик Ислам дининдеги шииттердин бир агымы деп эсептелет. Бирок, алар христиан дининдеги айрым элементтерди да өз ичине камтыганы айтылып, Исламдагы башка агымдар тарабынан сынга кабылып келет. Алевиддер Асаддардын негизги таянычы болуп келген жана алар Сирияда азчылык топторго кирет. Өлкөдө калктын басымдуу бөлүгү сунниттер.
Башар Асад жана анын атасы 53 жылдык бийлиги учурунда алардын негизги оппозициясы суннит агымындагы топтор болгон. 1982-жылы диний агымдар арасындагы козголоңдо Сирия армиясы сунниттер баш көтөргөн Хама шаарын толук талкалаган.
«Хаят Тахрир аш-Шам» тобу кимдер?
«Хаят Тахрир аш-Шам» — Сирияда «Ан-Нусра» фронтунун базасында түзүлгөн оппозициячыл топ. 2014-жылы «Ан-Нусра» өзүн халифат деп жарыялап, ошол кездеги «Ислам мамлекети» террордук тобу менен мамилесин токтоткон. Алар «Ал-Каиданын» бир бөлүгү катары ишин улап баштаган.
2017-жылы «Ан-Нусра» Сирия армиясынын катары менен жеңилип, кийинчерээк аталышын «Хаят Тахрир аш-Шам» деп өзгөрткөн жана «Ал-Каида» менен да мамилесин үзгөн. Бирок, АКШ жана Орусия, Батыш мамлекеттери аларды террордук уюмдар менен дагы деле алакасы бар деп эсептеп, «Хаят Тахрир аш-Шамдын» лидери Абу Мухаммед ал-Жалонини террористтердин анабашы делген тизмеге киргизген.
Азыр эмне болуп жатат?
Буга чейинки жарандык согуштарда өзүнчө өлкө катары бөлүнүүнү каалага күрттөрдүн тобу Мунбиж шаарын эээлеп алганы айтылууда. алар Ирак менен чектешкен өткөрмө бекетин да өз көзөмөлүнө алган. Бир канча жылдан бери бир катар ири шаарлар күрттөрдүн көзөмөлү астында.
Израил өзүнүн аскерий күчтөрүн Сириянын чегине жайгаштырды. Тактап айтканда буфердик зона катары эсептелген Голан чокусуна израилдик аскерлер кирди жана көзөмөлдү өзүнө алды. Бул опреациянын максаты ачык айтыла элек.
Түркиянын тышкы иштер министрлиги сириялык качкындарды өз үйүнө кайтса болорун айтты. Түркияда болжолдуу 3-5 миллион арасында сириялык качкындар бар.
Алеппо шаарына бир жумада 40 миң адам өз үйлөрүнө кайтып барганы белгилүү болду.
Дамаск шаарына да кайткан адамдардын саны артууда.
Эксперттер эмне дейт?
Көпчүлүк эксперттер Сирияда диктатордук режимдин кулаганын оң баалаганы менен, алдыда сириялык оппозициячыл топтордун бийликти бөлүштүрүү процесси кандай болору жана саясий диалогго бара алабы? — деген суроону коюуда.
Эксперттер бул жагдайда Түркиянын, Израилдин таасирлери арта турганын жазышууда. Түркиянын бийлиги Сириянын аймактык бүтүндүгү бузулбашы керектигин, бул жааттагы сүйлөшүүлөргө толук колдоо көрсөтөрүн айтууда.
Ал эми «Сабах» басылмасынын саясат талдоочусу Бержан Тутар бир катар «сценарийин» жазды. Анын пикиринде эң идеалдуу сценарий: Сирия демократиялык республикасы түзүлүп, анда бардык альянстарга бирдей мүмкүнчүлүк берилип, фракцияларды куроо. Бул албетте, бардык сырткы күчтөрдүн да колдоосун табат, бирок муну ишке ашыруу оңой болбой турганын айткан.
Дагы бир божомол, учурда козголоңчулардын сап башында турган «Хаят Тахрир аш-Шамдын» бийликке келиши. Анда өлкө суннит мусулмандарынын салафиттик агымы тарабынан башкарууга өтөт. Алар АКШ менен Израилге карата душмандык мамиледе эмес.
Үчүнчү сценарий боюнча өлкөдө «антишииттик режим» түзүлүп, «Хезболлах» сыяктуу топторду алсыздандыруу үчүн аларга Ирандан келген колдоо жолдорун жабуу. Бул Израилдин кызыкчылыгына туура келет, — деп жазат талдоочу.
Төртүнчү вариант боюнча АКШнын башчылыгында Сирия Федеративдик өлкөсүн түзүү жана автономдуу аймактык башкарууга өтүү.
Бешинчи сценарий боюнча, эгер Сириядагы саясий күчтөр бир пикирге келе албаса, анда аймактагы абал ого бетер курчуп, жаңы жарандык согуштун оту тутанышы мүмкүн.