Марал Радиосу

Финсабат: насыя алган керектөөчүлөрдүн укуктары кандай корголушу керек?

Акыркы мезгилде өлкөдө насыя алгандардын саны көбөйүүдө. Керектөөчүлөр көп учурда келишим менен толук таанышып чыкпастан кол койгондугу үчүн бир топ көйгөйлөргө туш болушат. Ал эми адистер кредиттик келишимге кол коюуда ар бир келишимдин пункттарын, шарттарын изилдеп чыгуу керектигин эскертип келишет. Насыя алууда керектөөчүлөрдүн кандай укуктары бар? Керектөөчүнүн укуктары бузулса кайсы жакка кайрылса болот?

Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Нурзат Акунова насыя алууда керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу айтып берди.

«Кредиттик келишимге кол коюудан мурда карыз алуучунун мыйзамга ылайык, келишимдин жана уюмдун бардык шарттары менен таанышып чыгуу үчүн үч күн убакыт берилет. Бул талаптар насыяны кыйынчылыксыз жана өз убагында төлөөгө жардам берет. Ошондой эле 2015-жылдын 24-июнунан Улуттук банк тарабынан бекитилген «Банктык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдык талаптар жөнүндө» жобого ылайык, финансылык кредиттик уюмдар каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча комиссиялык төлөө, тарифтер жана пайыздык чендер тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Бул маалыматтар керектөөчүлөргө жеткиликтүү болушу зарыл жана аны алууда кыйынчылыктар болбош керек. Кредитти алууга шашылбай, оң жана терс жактарын таразалап чыгуу керек. Анткени кредиттик келишимге кол коюу менен карыз алуучу кредиттик келишимдин бардык шарттары менен макул болот.

Келишимдин аткарылышы боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде негизги карыз суммасын белгиленген мөөнөттө кайтарып берүү жана аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кредиттик уюм сотко кайрылууга укуктуу болгон бардык тиешелүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.

Эгерде бардык шарттар жаранга түшүнүктүү жана кайсы төлөмдү качан жүргүзүү керектигин түшүнсө, кайра төлөп бере аларына толук ишенсе, ошондо гана насыялык келишимге кол койсо болот.

Дагы бир маанилүү учур карыз алуучу кредит боюнча бардык келишимге кол койгондон кийин жана акча каражаттарын кассадан алганга чейин кредит алуудан баш тартууга толук укуктуу».

Кандай учурда керектөөчүнүн укуктары бузулат? Адистин жообу:

Бизге келип түшкөн ар бир кайрылуулар боюнча коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансылык уюмдарга талап жиберип, толук маалымат алып, расмий документтерди изилдеп чыгабыз. Эгерде керектөөчүнүн кайрылуусунун негиздүүлүгү жана укук ченемдүүлүгү далилденсе, финансы кредиттик мекемелери орун алган мыйзам бузууларды четтеттүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында тиешелүү чараларды кабыл алып, мыйзамда көрсөтүлгөн иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Кардарлар түшүнбөй эле макулдашууга же кредиттик келишимдерге кол коюшат.

Көп учурда биздин укуктар бузулду деп келген арыздарды карап чыкканда банктын иш аракеттери мыйзам жана Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларынын негизинде жүргүзүлгөндүгү аныкталып, керектөөчүнүн укуктарынын бузулуу фактылары жок болуп чыгат. Банктык эсеп жана банктык аманат эсептери боюнча операциялар акча которуу жана акча которууну алууда келип чыккан суроолор боюнча кайрылуулар келип түшөт. Улуттук банк тарабынан финансы кредиттик мекемелерден расмий маалыматты алып, түшүндүрмө берилет.

Ошол эле учурда мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылып жаткан жарандар кайрылат. Кээ бир учурда соттун чечими чыккандан кийин кыйынчылыктарга туш болгон жарандар көп кайрылат. Көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун айтып беребиз. Мисалы насыя алып, карыз алуучу тарабынан банк менен келишим шарттары аткарылбаса же кандайдыр бир тышкы же ички финансылык жагдайлардан улам финансы кредиттик уюмдун алдындагы милдеттенмесин аткарууга коркунучтар пайда болсо, коммерциялык банк менен биргеликте насыяны кайтарууга багытталган бир катар иш-чараларды камтыган аракеттерди, жолдорду иштеп чыгуу зарыл. Бул болсо кредитти кайтаруу мөөнөтүн узартуу, пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн жаңы эки жакка ыңгайлуу графигин иштеп чыгуу жана башка ушул сыяктуу аракеттер жасалат.

Керектөөчүнүн укуктары бузулса кайсы жакка кайрылса болот?

Алгач, белгилей кетчү нерсе финансы кредиттик уюмдары ишин банк мыйзамдарына ылайык, банк мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди жана жоболорду иштеп чыгуунун өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. Пикир келишпестик жаралган учурда банкка түздөн-түз кайрылуу зарыл. Ошондой эле «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, банктардын жана банк эмес финансылык уюмдардын кардарлары менен өз ара мамилелери мыйзамга ылайык, өнөктөштүк принциби менен жарандык жана башка мыйзамдар менен түзүлөт.

Келишим өз ыктыяры менен эркин жана жарандык укуктарды тоскоолдуксуз ишке ашыруу принцибинин негизинде түзүлөрүн белгилеп кетүү зарыл. Эгерде келишимдин аткаруу процессинде кандайдыр бир талаш маселелер келип чыкса, эки тараптын макулдашуусу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, анда алар аталган мыйзамдын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, анын ичинде талаш маселенин сотко чейинки жөнгө салуу тартибинде чечилет. Керектөөчүнүн кайрылуусун негиздүү жана укук ченемдүү болуп далилденген учурда финансы кредиттик уюм тарабынан орун алган мыйзам бузуулар четтеттүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдын таламдарын коргоо жагында тиешелүү чараларды кабыл алат.

Улуттук банктын адиси Нурзат Акунова насыя берүүчү мекеменин кандай укуктары бар экенине токтолду.

«Финансы кредиттик уюмдар ишин банк мыйзамдарына ылайык, банк мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу менен өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. Насыя берүүчүнүн укуктары Банктык нормативдик актылары жана банктын ички нормативдик талаптарынын негизинде кредиттик келишимде көрсөтүлгөн талаптарына ылайык көрсөтүлөт».

Акыркы учурда алдамчылар кардардын атынан онлайн насыя алып, жок жерден карыз болгондор көппү? Шылуундарга алданган жарандар кайсы жакка кайрылса болот?

Кардарлардын, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн уюштурулган финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө байлайныштуу азыркы учурда онлайн насыялар сыяктуу сунушталган финансылык кызматтарга суроо-талап өсүп жатат. Бүгүнкү күндө телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип, ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар жарандын эсебинен акчаны уурдап же жаранга онлайн насыя тариздетип алууну көздөшөт.

Эгер жаран шылуундардын курмандыгы болуп калдым десе, банкка дароо болгон окуя тууралуу кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюуну суранышы зарыл. Тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу керек.

Улуттук банктын адиси Нурзат Акунова карыз алуучуга кепилдик берген жарандарга кайрылып, мындай сунуштан баш тартууга чакырат.

«Башка адамдар үчүн жаран эч качан кредитти тариздебеш керек. Шылуундар көп учурда ишенчээк адамдарга акча берип, ага каттаттып, карызды өзүм төлөйм деп ишендирип, акчаны ага берүүнү сунушташат. Алар төлөбөй жок болуп кеткенден кийин кредиттик уюм карыздын кайтарылып беришин расмий документте катталган негизги карыз алуучудан талап кылышат. Ага кредиттин бардык суммасын төлөөгө туура келет. Жаран бирөөгө кепилдик берүүчү катары келишимге кол коюп берерден мурун, ал дагы карыз алуучу менен бирдей жоопкерчилик аларын билиши керек. Бул карыз алуучу тарабынан насыя төлөнбөгөн учурда банктар карыз алуучунун милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарылышын кепилдик берүүчүдөн талап кылат. Ал эми кепилдик берүүчү кредитти башка адам үчүн төлөөгө милдеттүү болот».

Улуттук банктын адиси Нурзат Акунова насыя алууда эске алуучу жагдайлар тууралуу маалымат берди.

«Кредит алууга эч качан шашылбаңыз. Бардык оң жана терс жактарды таразалап чыгуу керек. Анткени кредиттик келишимге кол коюу менен жаран келишимдин бардык шарттары менен макул болот. Келишимдин арткарылышы боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде негизги карыз суммасын белгиленген мөөнөттөрдө кайтарып берүү жана аларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн банк сотко кайрылууга укуктуу болгон бардык тиешелүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Ошондуктан бардык шарттар жаранга түшүнүктүү жана кайсы төлөмдү, канча жүргүзүү зарыл экендигин түшүнсө, кайра төлөп бере аларына толук ишенсе гана кредиттик келишимге кол койсо болот. Карыз алуучу кредит боюнча бардык келишимге кол койгондон кийин акчаны кассадан алганга чейин кредит алуудан баш тартууга укуктуу».

Керектөөчүлөр көп учурда кредит алууда эмнелерге көңүл бурушпайт? Адистин жообу:

Улуттук банкка түшкөн арыздар боюнча карасак, көбүнчө каржылык сабатсыздыктан көйгөйлөргө туш болушат. Кардарлар өзүнүн укуктарын жана милдеттерин так билбегендиктен да болот.

Улуттук статистка комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда насыя алгандардын саны 10 пайызга өстү. Өткөн жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, берилген насыялардын суммасы 29,5% көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад облустарында.

Расмий маалыматтар боюнча, насыянын 48%ы турмуштук керектөөгө, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5%ы курулушка алынган.

Exit mobile version