31-октябрда дүйнө жүзүндө каражат топтоо күнү белгиленет. Бул күн Кыргызстанда да 2015-жылдан бери Улуттук банктын каржылоосу менен өткөрүлүп келет. Анын алкагында өлкө боюнча акча топтоо маданиятын жайылтуу багытында иш-чаралар уюштурулат.
Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев Дүйнөлүк каражат топтоо күнү кандай максатта өтөрүн белгилеп, анын тарыхына токтолду.
«Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты – бул калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. Анын алкагында акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын, ошондой эле жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча маалымат берүү жана окутуу болуп эсептелинет.
Бул иш-чаранын жүз жылдык тарыхы бар. 1924-жылдын 31-октябрында 29 мамлекеттин сактык банктарынын өкүлдөрү Италиянын Милан шаарында биринчи эл аралык конгресске чогушулат жана ошол конгресстин акыркы күнү, биринчи конгресстин урматына бул күндү Дүйнөлүк каражат топтоо күнү деп белгилөө чечими кабыл алынат. Италиялык профессор Филиппо Равизца ушул күндү Дүйнөлүк каражат топтоо күнү болсун деп сунуштайт. Сактык банктардын конгрессинин жыйынтыгы боюнча каражат топтоо күнү дүйнөдө жыл сайын мектептерде окутуу жүргүзүү менен, маданият, спорттук, кесиптик кандайдыр бир иш-чаралар менен өткөрүү сунушталат.
Чогулгандардын негизи максаты адамзатты каражат топтоо жана жаратылыш ресурстарына да аяр мамиле жасоого көңүл бурдуруу. Кээ бир өлкөлөрдө бул мамлекеттик майрам катары кабыл алынган».
Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, бул күн Кыргызстанда 9 жылдан бери белгилгенип келет.
Ошондой эле ал акча топтоо күнүн белгилөө Кыргызстанга бир канча өсүштөрдү алып келгенин айтты.
«Бул күн Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банктын каржылоосу менен өткөрүлүп келет. Аны өткөрүүдө көптөгөн уюмдар катышат. Мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери, финансылык кредит мекемелери, эл аралык жана коомдук уюмдар жана башка кызыкдар мугалимдер, тренерлер катышат.
Бул иш-чара Кыргызстанда өткөрүлүп баштагандан бери депозиттер боюнча статистиканы карасак, 2015-жылы физикалык жактардын депозиттеринин көлөмү 47 млрд сомду түзсө, 9 жылдан кийин быйыл 188 млрд сомду түзүп, көрсөткүч 4 эсе өскөнү байкалган. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүү ушул статистиканы жакшыртууга салым кошту деп айтсак болот».
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда кандай белгиленет?
Дүйнөлүк каражат топтоонун алкагында жүздөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Тренингдер, сабактар, лекциялар, ар түрдүү оюндар, экскурсиялар, сынактар, викториналар жана башка онлайн, оффлайн форматта иш-чаралар өткөрүлөт. Бардык иш-чаралар биздин сайтта жайгаштырылган.
Акчаны кантип топтоо керек, ал үчүн каржылык сабаттуулук канчалык маанилүү? Адистин жообу:
Акча каражатын топтоодо киреше менен чыгашаларды эсептөө, анализдөө маанилүү болот. Чыгашаларыңыз кирешеден төмөнүрөөк болушу керек. Ошондо каражат топтоого акча калат. Бул дагы сиздин финансылык максаттарыңызга байланыштуу болот. Кандай максат койсоңуз, ал үчүн айына канча каражат топтоо керектигин аныктай аласыз. Ошого жараша кандайдыр бир сатып алууларды жүргүзүүдө ойлоносуз. Ай сайын каражат топтоого арналган сумманы алып калууга аракет кылып, ошондо топтой аласыз.
Ошол эле учурда акчаны топтоодо бир нече ыкмаларды билүү керек. Мисалы накталай акча топтобостон, накталай эмес төлөмдө чогултсаңыз болот. Айлыгыңыздын 20 пайызын экинчи карта ачып коюп, дароо эле ошол жакка топтосоңуз болот. Мындан сырткары алтын дагы алып койсоңуз болот. Мал сатып алып, топтоого да болот. Алардын баасы кандайдыр бир учурларда өсөт жана кошумча киреше булактары катары киреше алып келет.
Акча каражатын топтоо адамдын каржылык коопсуздук жаздыгын түптөгөнгө жардам берет. Бул адамдын кандайдыр бир күтүлүүсүз жагдайлардан жеңилирээк чыгып кетүүсүнө жардам берет. Аны эсептөө үчүн ай сайын канча чыгаша чыгарасыз, ошону эсептөө керек. Аны 6 же 12 айга көбөйтсөңүз, ошол сумманы аныктай аласыз. Бул акча сиздин колуңузда же банктык эсепте болушу керек жана керек учурда жеңил алууга мүмкүнчүлүгүңүз болуш керек.
Акча каражатын топтоодо каржылык сабаттуулуктун маанилүүлүгү өтө жогору. Анткени финансылык сабаттуулук боюнча адамдар акча каражатын туура башкарыш керек. Сатып алууларды ойлонуп жүргүзүү керек. Финансылык максаттарга жетүүнү көздөсө, каржылык пландоону үйрөнүү зарыл. Ошонун баарын туура аткарса, каражат өзү эле топтоло берет. Бул жаатта финансылык сабаттуулукту жогорулатуу менен акча каражатын топтоого кандайдыр бир жардам көрсөтүлөт. Ошонун негизинде акча топтоо жеңил боло баштайт.
Жалпысынан финансылык сабаттуулук акча каражатын топтоо гана эмес. Аны кийин туура инвестиция кылууну, аны сактап калуунун коопсуздук эрежелерин үйрөтөт. Кийин акчаңызды көбөйтүүгө жардам берет.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө өлкө үчүн канчалык пайдалуу?
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн маанилүүлүгү эл аралык деңгээлде өтүүчү кампания бир кылым тарыхы бар иш-чара болгондуктан, абдан маанилүү. 1924-жылы биринчи конгресске катышкан 29 мамлекетти карасак, алар учурда өнүккөн мамлекеттер. Демек, бул иш-чара канчалык эртерээк үйрөтүлүп башталса, калкка көбүрөөк жеткиликтүү маалыматтарды берип, калк арасында каражат топтоо маданиятын калыптандырып, элдин каржылык сабаттуулугу жогорулап, келечекте ар бир жарандын, мамлекеттин, үй-бүлөнүн өсүшүнө толук жардам берет.
Мисал катары Германия өлкөсүн алсак, Германиянын калкы каражат топтоо боюнча үлгүлүү калк десек болот. Алар жаш кезинен эле каражат топтоого бир бөлүгүн арнайт. Кийин пенсияга чыкканда дүйнө жүзүн кыдырып, кыялдарын, максаттарын орундатат. Акыркы 2023-жылы өткөн изилдөөгө ылайык, Германиянын эли дүйнө жүзү боюнча финансылык сабаттуулугу жогору өлкөлөргө кирет.