Марал Радиосу

«Кыргызкөмүр» ишканасынын эки кызматкери кызматтан бошотулду

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери ээлеген  кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

««Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун инвестициялык ишти жана ишкананын «Түштүк» филиалын тескеген орун басары жана «Түштүк» филиалынын директору ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош облусунун Алай районунда көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салуудан 9 миң куб метрден ашык мөңгү талкаланганын жана бул факты боюнча кылмыш иши колгонун билдирген.