Марал Радиосу

Бишкекте этти өз баасында саткан аянтчалар уюштурулду

Бишкек шаарынын азык-түлүк базарларында социалдык аянтчалар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Эттин баасын турукташтыруунун алкагында Бишкектеги азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы эттерин социалдык аянчалардан сатып алуу пункттары уюштурулду.

Эт Ош, Аламүдүн, Орто-Сай, Чынар, Дордой Моторс базарларында кг 550 сомдон сатылып жатат.

«Этти базарларда жайгашкан социалдык аянтчалардан ортомчусуз, дыйкандардын баасында сатып алууга чакырабыз»,- деп айтылат маалыматта.