Марал Радиосу

Бишкек шаардык жана Баткен облустук соттору ант беришти

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.

Биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тууралуу президенттин жарлыгына ылайык, Динара Качкыналиева Бишкек шаардык сотуна дайындалды.

Мындан тышкары Наргиза Кувандыкова жаш курагынын чегине жеткенге чейин Баткен облустук сотуна дайындалды.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды берген антка бек турууга чакырды.