Марал Радиосу

Папан суу сактагычына чакан ГЭС курула баштады

Ош облусунда Папан чакан ГЭСинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекет электр энергиясын өндүрүү маселесине катуу көңүл буруп жатканын айтып, быйыл Бала-Саруу Көгарт, Кайнама ГЭСтери ишке берилгенин билдирди.

Папан суу сактагычына курулуучу чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт, жылына орточо 103 млн кВт/саат электроэнергияны өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 миллион доллар.

Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы, Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып,1985-жылы ишке киргизилген.