Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бишкектеги базар, соода борборлорунда ВИЧ, сифилис жана гепатиттин В,С түрлөрүн аныктай турган экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 7-октябрда баштала турчу акция 1-ноябрга чейин созулуп, саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
Дареги жана графиги:
- 7-октябрь — «Таатан» соода борбору;
- 9-11-октябрь — «Дордой Дыйкан» жана «Дордой Моторс» базарлары;
- 14-16-октябрь — «Аламүдүн» жана «Табылга» базарлары;
- 24-26-октябрь — «Орто- Сай» базары.