Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.
Атайын кызмат Бишкек шаарындагы «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын активдүү жети мүчөсүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Маалыматка караганда, жарандар «Йакын Инкардын» идеологиясынын зыяндуулугун жана жаңылыштыгын толук моюнга алышкан, ошондой эле өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчө болуудан баш тартышкан.
УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.